БИЗ ЖӨНҮНДӨ
Чыгыш ашканасынын салттарын, азиялык даамдардын назиктигин жана аныктыгын кылдаттык менен сактап, биз адаттан тыш жана оңой бышыра турган тамакты жасадык. VIČI GYOZA сизге үйүңүздөн чыкпай эле экзотикалык ашканага сүңгүүгө мүмкүндүк берет.
Биз ар бир кардардын табитин эске алуу менен ичине ар түрдүү азыктар толтурулган: жашылча, эт, деңиз азыктары жана жада калса десерттик GYOZA кеңири ассортиментин сунуштайбыз.
GYOZA белгиленген VIČI соода маркасы жалпы Европа боюнча жогорку сапаты, керемет даамы жана даярдоонун жөнөкөйлүгү менен таанылган. GYOZA VIČI Европадагы алдыңкы балык жана деңиз азыктарын өндүрүүчүлөрдүн бири жана сурими рыногунда дүйнөлүк лидер болгон «Вичюнай» компаниялар тобу тарабынан чыгарылат. «Вичюнай» компаниялар тобунун ар кандай бренддер менен продукциялары дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүндө сатылат.
Социалдык жоопкерчилик
Биз жаратылышка, анын ресурстарына жана сергек жашоого кам көрөбүз. Дал ошондуктан биз өндүрүштүн ар бир баскычында биздин планета үчүн, ошондой эле анын жашоочулары үчүн да туура чечимди кабыл алууга умтулабыз.
Биз продукцияларды заманбап ыкмалар менен чыгарабыз
- Сапатты тестирлөөнүн заманбап лабораториялары
- Тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун жана сапатынын жогорку маданияты
- Процесстерди модернизациялоо жана роботтоштуруу
- Изилдөөчүлүк бөлүгү
- LEAN жана KAIZEN ыкмаларын колдонуу