Рецепттер
GYOZA, ПАК-ЧОЙ КОЗУ КАРЫНДАРЫ МЕНЕН АЗИЯ ШОРПОСУ
Үйүңүздөн чыкпастан, чыгыш даамынан ырахат алыңыздар. Жасалышы жөнөкөй GYOZA, салттуу кытай капустасы пак-чой жана шимеджи козу карындары кошулган Азия шорпосун ичип көрүңүздөр.
Дагы
GYOZA, ПАК-ЧОЙ КОЗУ КАРЫНДАРЫ МЕНЕН АЗИЯ ШОРПОСУ
4 порция
4 порция үчүн сизге:
- 400 г уй этинен жасалган VIČI GYOZA
- 1,2 л. уй этинин шорпосу
- 3 баш сарымсак
- 2 см имбирь тамыры
- 2 даана пак-чой капустасы
- 100 г шимеджи козу карындары
- 2 аш кашык соя соусу
- 1 аш кашык күнжүт майы
- туз, калемпир
- көк пияз
- күнжүт
ДАЯРДОО
- Сарымсак жана имбирди майдалап, пак-чойду туураңыз.
- Ысытылган көмөч казанга сарымсак менен имбирди майга кууруп алыңыз, козу карынды жана пак-чойду кошуп, бир нече мүнөт кууруңуз.
- Көмөч казандагыларды мискейге салып, шорпо, соя соусу жана күнжүт майын куюңуз. Туз, калемпир татытып, кайнатыңыз.
- Шорпо кайнап чыкканда, GYOZA кошуп, алар шорпонун үстүнө калкып чыкканга чейин дагы 4 мүнөттөй кайнатыңыз.
- Майдаланган жашыл пияз жана күнжүт уруктары менен бериңиз.
СЫЧУАНЬ КАЛЕМПИРИНИН МАЙЫ МЕНЕН GYOZA
Ачуу тамакты абдан жакшы көрөсүзбү? Бул рецепт сиз үчүн. GYOZA жана сычуань калемпири биригип ачуу тамакты сүйүүчүлөрдү көз ирмемде Азияга алып келет, чыныгы сезимдердин мүнөздүү жыпар жытын жана өзгөчө даамын жаратат.
Дагы
СЫЧУАНЬ КАЛЕМПИРИНИН МАЙЫ МЕНЕН GYOZA
2 порция
2 порция үчүн сизге:
- 400 г жашылчадан жасалган VIČI GYOZA
- көк пияз
- күнжүт
Сычуань калемпиринин майы үчүн:
- 3 аш кашык сычуань калемпири
- 80 мл өсүмдүк же рапс майы
- 2 см имбирь тамыры
- 1 лавр жалбырагы
- 1 анис жылдызчасы
- 1 корица таякчасы
- туз
Сычуань калемпиринин майынан жасалган соус үчүн:
- 2 аш кашык сычуань калемпиринин майы
- 2 аш кашык соя соусу
- 2 аш кашык күнжүт майы
- 1 аш кашык күрүч уксусу
- 2 баш сарымсак
ДАЯРДОО
- Кууручу мискейге сычуань калемпиринин үлпүлдөгүн, лавр жалбырагын, анис жана корица таякчаларын кошуңуз. Идишке (сотейник) май куюп, имбирь кошуп, имбирдин өңү карарганга чейин ысытыңыз. Татымалдар аралашмасы салынган мискейге куюңуз. Бир нече секундда май көбүктөп чыгат жана татымалдар куурулат. Май бир аз муздай түшкөндө имбирди, лавр жалбырагын, анис жана корица таякчасын алып салыңыз. Татымына жараша туз кошуңуз.
- Сычуань калемпиринен майлуу соус үчүн ингредиенттерди аралаштырыңыз: 2 аш кашык даяр сычуань калемпиринин майы, соя соусу, куурулган күнжүт майы, күрүч уксусу жана майдаланган сарымсак.
- GYOZA кайнап жаткан сууга салып, алар шорпонун үстүнө калкып чыкканга чейин дагы 4 мүнөттөй кайнатыңыз.
- GYOZAны сычуань калемпиринен жасалган майдын соусунан куюп, майда тууралган көк пияз жана күнжүт уруктары менен дасторконго сунуңуз.
GYOZA МЕНЕН АЗИЯ МИСКАСЫ
Чыныгы Азия мискасын даярдоо өтө жөнөкөй. Бул чыгыш ашканасынын салттуу, даярдалышы жөнөкөй жана дүйнөгө белгилүү рецеби, анда башкы ролдогу креветкадан жасалган GYOZA менен айкалышкан өзүнүн кычкыл-таттуу, бирок сергитүүчү даамы менен тамшандырат.
Дагы
GYOZA МЕНЕН АЗИЯ МИСКАСЫ
2 порция
2 порция үчүн сизге:
- 300 г креветкадан жасалган VIČI GYOZA
- 1 сабиз
- кызыл капустанын бир нече жалбырагы
- 1 авокадо
- туруптун бир боосу
- 2 аш кашык күрүч уксусу
- лимон ширесинин тамчысы
- 0,5 чай кашык кумшекер
- туз
- кууруганга май
- 4 аш кашык соя соусу
- жаңы алынган кориандр
- күнжүт
ДАЯРДОО
- Сабизди ичке туурап, күрүч уксусу, кумшекер жана туз менен аралаштырыңыз.
- Авокадону кубик түрүндө туурап, лимон ширесин чачыңыз.
- Турупту жарым тегерек, кызыл капустаны узунунан туураңыз.
- GYOZAны кууруңуз. Капкактуу идишке жете турган май куюп, 160 °C чейин ысытыңыз. GYOZAны кызып чыккан майга салып, капкагын жаап, 3-4 мүнөт кууруңуз.
- Даярдап койгон сабиз, авокада, туруп, кызыл капуста жана GYOZAны тарелкага салыңыз. Соя соусунан чачып, күнжүт себелеп, жаңы үзүлгөн кинза менен дасторконго коюңуз.
КЫЗЫЛ КАРРИ МЕНЕН GYOZA
Чыгыш жыпар жыттары сиздин тарелкада! Азия ашканасын жашылчалар кошулган ачуу жана өтө жыпар жыттуу каррисиз элестетүүгө мүмкүн эмес, ал эми кылдат топтолгон ингредиенттердин даамын идеалдуу ылайык келген жана өзгөчө ширелүү жашылчалардан жана тооктон жасалган GYOZA ачат.
Дагы
КЫЗЫЛ КАРРИ МЕНЕН GYOZA
4 порция
4 порция үчүн сизге:
- 400 г жашылча жана тооктон жасалган VIČI GYOZA
- 1 пияз
- 3 баш сарымсак
- 2 см имбирь тамыры
- 1 сабиз
- 1 паприка
- 100 г брокколи
- 60 г саадактуу буурчак
- 2 аш кашык кызыл карри пастасы
- 400 мл кокос майы
- 1 жашыл лимондун ширеси
- туз, калемпир
- өсүмдүк майынын бир нече тамчысы
- жаңы үзүлгөн кориандр
- чили калемпири
- лайм керек.
ДАЯРДОО
- Пияз, сарымсак жана имбирди майда туураңыз. Сабиз, болгар калемпирин жана брокколини туураңыз.
- Ысык көмөч казандагы бир аз майга сарымсак, пияз жана имбирди кууруңуз. Тууралган жашылча жана буурчакты кошуңуз. Кууруп, көмөч казандан мискейге салыңыз.
- Көмөч казанга дагы бир аз май куюп, бетин төмөн каратып салыңыз. Орточо отто болжол менен 4 мүнөт бышырыңыз. Бети жакшы кызаргандан кийин, GYOZA жарымынан азыраак жабылышы үчүн көмөч казанга кайнак суу куюңуз. Үстүн жаап, 2-3 мүнөт кайнатабыз.
- Куурулган жашылчаларды көмөч казанга кошобуз. Кокос майын куюп, кызыл карри пастасын кошуп, туз жана калемпирди кошуп, жашыл лимондун ширесин сыгып алыңыз. Баарын аралаштырып, дагы 10-15 мүнөт демдеңиз.
- Жаңы кориандр, лаймдын төрттөн бир бөлүгү жана ачуу калемпирдин кесимдери менен дасторконго бериңиз.
АЗИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН ЖАШЫЛЧАДАН ЖАСАЛГАН GYOZA
Азия ашканасынын чебери болуу абдан оңой. Салттуу азиялык stir-fry ыкмасында куурулган жашылча тамакты тез жана оңой даярдай аласыз. Түстүү бышырылган жашылчалар жана атайын даярдалган соус менен татытылган тоок кошулган кытырак GYOZA Чыгышка таандык болгон өзгөчө даамды жаратат.
Дагы
АЗИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН ЖАШЫЛЧАДАН ЖАСАЛГАН GYOZA
4 порция
4 порция үчүн сизге:
- 400 г тооктон жасалган VIČI GYOZA
- 1 паприка
- 1 сабиз
- 100 г брокколи
- 60 г саадактуу буурчак
- 60 г имидже козу карыны
- 60 г жүгөрү
- 50 г бамбук бутактары
- 4 аш кашык соя соусу
- 2 баш сарымсак
- 1 аш кашык күрөң кумшекер
- 1 чай кашык куурулган күнжүт майы
- 60 мл. тоок шорпосу
- жарым аш кашык жүгөрү крахмалы
- бир аз май
- көк пияз
- күнжүт керек.
ДАЯРДОО
- Калемпир, сабиз, брокколи жана жаш жүгөрүнү туурайбыз.
- Көмөч казанга бир аз май куюп ысытып, аралаштырып, майдаланган жашылчаларды көк буурчак, шимеджи козу карындары жана бамбук бутактары менен кууруп алабыз. Жашылчаларды табадан алып, мискейге которуңуз.
- Көмөч казанга дагы бир аз май куюп, бетин төмөн каратып GYOZAны салабыз. Орточо отто болжол менен 4 мүнөт бышырабыз. Негизи жакшы кызаргандан кийин, GYOZA жарымынан азыраак жабылышы үчүн көмөч казанга кайнак суу куюңуз. Үстүн жаап, 2-3 мүнөт демдейбиз.
- Соус үчүн ингредиенттерди аралаштырабыз: соя соусу, майдаланган сарымсак, күрөң шекер, куурулган күнжүт майы, тооктун шорпосу, жүгөрү крахмалы.
- Көмөч казанга жашылчаларды кошуп, даярдалган соусту куюп, соус коюуланганга чейин аралаштырып, ысытабыз.
- Майдаланган көк пияз жана күнжүт уруктары менен сунабыз.
МАНГО МЕНЕН GYOZA
Негизги тамак, жеңил тамак же десерт - бул таттуу GYOZA рецепти бардык учурларга ылайыктуу келет. Маракуйя жана манго азия креми менен дасторконго берилген манго менен экзотикалык GYOZA чыныгы гурмандарды да таң калтырат, ал эми кокос кырындылары жана жалбыз GYOZA жана кремдин өзгөчө даамын эң мыкты белгилейт.
Дагы
МАНГО МЕНЕН GYOZA
2 порция
2 порция үчүн сизге:
- 200 г манго менен VIČI GYOZA
- 1 манго
- 1 жашыл лимон
- 4 маракуйя
- 150 мл каймак
- кокос майы
- ири кокос кырындылары
- жалбыз жалбырактары
ДАЯРДОО
- Манго кубиктерин ашкана комбайнына салыңыз жана лайм ширесин алыңыз. Пюре жасап, аны мискейге салыңыз.
- 2 даана маракуйянын кабыгын тазалап, жемиштин этин манго пюресине кошобуз.
- Каймакты чалып, аны манго дана маракуйя аралашмасына кошобуз.
- Көмөч казанга бир аз кокос майын кошуп, GYOZAны бетин ылдый каратып салыңыз. Орточо отто болжол менен 4 мүнөт бышырыңыз. Бети жакшы кызаргандан кийин, GYOZA жарымынан азыраак жабылышы үчүн көмөч казанга кайнак суу куюңуз. Үстүн жаап, 2-3 мүнөт демдеңиз
- Манго жана маракуйя креми менен бериңиз. GYOZAны үстүнө салып, анын үстүнө маракуйянын калган уруктарын, кокос кырындыларын жана жалбыз жалбырактарын себелеп коюңуз.
КЛЕН ШЕРБЕТИНИН СОУСУ ЖАНА ВАНИЛДҮҮ БАЛМУЗДАК ЖАНА АЛМАДАН ЖАСАЛГАН GYOZA
Тарелкада бууга капталган GYOZA, назик соус жана балмуздак – мындан эң жакшы айкалыш болушу мүмкүнбү? Клен шербетинин соусунда алма менен GYOZA – бул оңой жасала турган, бирок жагымдуу, өзгөчө даамы бар десерт, бардык таттуу сүйүүчүлөрдү таң калтырат.
Дагы
КЛЕН ШЕРБЕТИНИН СОУСУ ЖАНА ВАНИЛДҮҮ БАЛМУЗДАК ЖАНА АЛМАДАН ЖАСАЛГАН GYOZA
2 порция
2 порция үчүн сизге:
- 200 г адма менен VIČI GYOZA
- 180 мл клен шербети
- 1 аш кашык ром
- чымчым туз
- кокос майы
- ванилдүү балмуздак
- пекан жаңгактары
ДАЯРДОО
- Көмөч казанга бир аз кокос майын кошуп, GYOZAны бетин ылдый каратып салыңыз. Орточо отто болжол менен 4 мүнөт бышырыңыз. Негизи жакшы кызарганда, GYOZAны жарымынан азыраак жаапкандай кылып кайнак сууну кылдат куюңуз. Көмөч казанды капкак менен жаап, 2-3 мүнөт кайнатабыз.
- Казанга клен шербетин жана ромду куюп, чымчым туз салыңыз. Соус кайнап чыкканга чейин ысытыңыз. GYOZA кошуп, аралаштырыңыз.
- Ванилдүү балмуздак жана талкаланган пекан жаңгактары менен тартуулаңыз.